Президент Алмазбек Атамбаев Ямал жарым аралында адам өмүрү кыйылган авиакырсыкка байланыштуу Орусия президенти Владимир Путинге көңүл айтты. Мамлекет башчысы аталган жарым аралдагы Уренгой кыштагында тик учактын кыйрашы тууралуу кабарды кайгыруу менен кабыл алганын билдирип, Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүнүн атынан каза болгондордун жакындарына көңүл айтуу сөзүн жеткирип коюуну Орусия президентинен өтүнгөн.
Эскерте кетсек, Ми-8 тик учагы 21-октябрда кечинде кырсыкка учураган. Кырсыктан жалпы 19 адам каза тапкан.