Жогорку Кеңеште 24-октябрда республикалык бюджеттин 2016-жылдын 9 айындагы аткарылышы жана келерки жылдын бюджетинин долбоору боюнча кеңейтилген жыйын болот. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады. Жыйынга премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт мүчөлөрү, Мамлекеттик кызматтардын, агенттиктердин жана инспекциялардын жетекчилери катышат.
Жыйында ”Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" өкмөттүн токтому, "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" токтому да талкууланмакчы. Аталган маселелер боюнча негизги баяндамачы - каржы министри Адылбек Касымалиев.