Жогорку Кеңештин токтомдорун өкмөт аткарбай жаткандыгына бүгүн, 18-апрелде ЖКнын жыйынында депутат Кожобек Рыспаев нааразы болду. Ал “Кумтөр” боюнча токтомду кабыл алганыбызда өкмөт ай сайын иштин жүрүшү боюнча отчёт тапшырып турабыз дешкенин, бирок бул айткандарын аткарбай жатышканын айтты. “Ал эми Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги токтом боюнча өкмөт эмне кылды? Кээ бир иштеп жаткан министрлерге сөгүш жарыялап, кээсин кызматтан кетиргенге чейин барды. Жумуштан кетиш керек болгон адамдар дагы деле кызматында отурушат. Бул жерде өкмөттүн адилетсиздиги көрүнүп турат”,- деди Рыспаев. Эске сала кетсек, ЖКнын Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы Ишимбай Чунуевдин ээлеген кызматын кароону өкмөткө сунуштаган.