ЖЫЛНААМА, 23-ОКТЯБРЬ: 120 жыл мурун революционер, аскер комиссары Яков Логвиненко туулган

Мындан 120 жыл мурун, 1896-жылы революционер, аскер комиссары Яков Никифорович Логвиненко Украинанын Полтава провинциясында туулган. Ал үй-бүлөсү менен бирге 1912-жылы Пишпекке (Бишкек) көчүп келген. 1914-жылы империалисттик согуш учурунда падыша тарабынан аскерге чакырылып, фронтко жиберилген. Октябрь төңкөрүшү аяктагандан кийин кайра Пишпекке келип, полкту жетектеп калган. Ал жетектеген полк 1918-жылы болгон Беловодск айылындагы антисоветтик козголоңду баскан. Логвиненко Пишпектеги горнизондун жетекчиси болуп да дайындалган. Ташкенттеги Айыл чарба университетин аяктагандан кийин Кыргыз мамлекетине кайтып келип, агроном болуп кызмат өтөгөн.

Логвиненко Яков 1933-жылы 9-апрель күнү көз жумган. Анын ысымы Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бирине ыйгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан