ЖЫЛНААМА, 23-ОКТЯБРЬ: 3 жыл мурун экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиев "Кумтөр" боюнча үлүштү 67 пайызга жеткире албасын айткан

Мындан 3 жыл мурун, 2013-жылы ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Жогорку Кеңештин жыйынында "Кумтөр" боюнча кыргыз тараптын үлүшүн 67 пайызга жеткирүү реалдуу эмес экенин айткан. "Үлүштү 67 пайызга жеткирсе болот" деген популисттик аракет экенин белгилеп: "Бардык нерсенин чеги болот да. Ар нерсени айта бербей, маселени кабыргасынан коюш керек. Андан көрө "жолдош Сатыбалдиев, кетиңиз" деп эле айтканыңар жакшы эле", - деген Сатыбалдиев.

Белгилүү болгондой, "Кумтөрдөгү" кыргыз тараптын үлүшү Сатыбалдиевдин тушунда 67 пайызга жеткен жок. Андан кийинки премьерлердин тушунда деле үлүш көбөйө элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан