Бишкекте митингге чыккан айдоочулардын талабын өкмөт аткара албайт

17-апрелде Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы Мамлекеттик унаа жана суу транспорту агенттигинин башчысы Эмилбек Таштаналиевдин кызматтан бошотулушуна нааразы болгон айдоочулар Бишкекте митинг өткөрүштү. Алар Таштаналиевди ордунда калтырууну суранышкан, бирок чогулгандарга чыгып жолуккан вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев алардын талабын өкмөт аткара албай турганын билдирди. “Эмилбек Таштаналиевди негизсиз эч ким кызматтан бошоткон жок. Анын кызматтан кетишине өз ишине болгон жоопкерчиликтин жоктугу себеп болду. Айрым нормативдик актыларды бузуп, жумушуна шалаакылык кылгандыгы белгиленип, атайын түзүлгөн комиссия аны бошотуу чечимине келди”,- деди Сарпашев.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан