Бүгүн, 18-апрелде ЖКнын жыйынында депутат Эркингүл Иманкожоева Ысык-Көл облусунун Чоң-Кызыл-Суу айылындагы табылган таш нефрит экени аныкталганын жана ал баалуу таштын мындан аркы тагдырын чечүү керектигин айтты. “Бул ташты аукционго коюп сатабызбы, эмне кылабыз? Буга тиешелүү мекемелер аралык комиссия түзөлү”,- деди эл өкүлү. Ошондой эле ал 5-канал парламенттеги аялдарды сындап, депутат айымдардын аброюна шек келтирип жаткандыгын кошумчалады. “Аларга башка маалымат калбай калыптырбы? Эмне үчүн бизге асылып жатышат? Буга кандайдыр бир чара колдонуш керек”,- деди Иманкожоева.