АКШда туристтердин автобусу жүк ташуучу унаа менен кагылышып, 13 адам каза болду

АКШда Лос-Анжелеске бараткан туристтердин автобусу жүк ташуучу унаа менен кагылышып, 13 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кырсык Калифорния штатынын Палм-Спринг шаарынын курорттук зонасында орун алган. Унаалардын кагылышуусунан улам 30 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген. Кырсыктын келип чыгуу себептери, айдоочулардын ошол учурдагы абалдары кандай болгону (алкоголдук ичимдик же маң зат колдонгонбу, жокпу) тактала элек. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан