Талас. Дарыгерлер жол жүрүүдө сак болууну эскертет

Акыркы эки күндөгү аба ырайынын кескин өзгөрүп кеткендигине байланыштуу бул аймакта автокырсыкка учураган адамдар көп катталууда. Талас облустук биргелешкен ооруканасынын травматология бөлүмvнүн башчысы Умаралиев Марат Бочоновичтин айтымында, аталган бөлүмгө 12-ноябрда Өтмөк ашуусунда автокырсыкка учурап, тобу менен келген оорулуулар тушкөн болсо, 13-ноябрда беш оорулу кайрылган. Анын үчөөсүнө амбулатордук жардам көрсөтүлvп, үйлөрүнө жиберилген. Калган эки оорулуунун бирөөсү Кара-Буура районунан автокырсыкка учурап, ал жерден биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн соң Талас облустук травматология бөлүмүнө которулуп келген. Баш мээси чайкалып, бел омурткасы, бутунан жаракат алган. Азыркы убакта дарыгерлердин аракетинен кийин оорулуунун абалы канааттандырарлык. Андыктан дарыгерлер адамдарды жол жүрүүдө өтө сак болууларын суранат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан