Knursultan77 аттуу интернет колдонуучу өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына видео жүктөгөн. Анда Бишкекте айдоочу унаасы менен бир канча жол эрежесин бузуп, акыры Патрулдук милиция кызматкерлеринин колуна түшкөнү көрсөтүлгөн. Кийин аталган колдонуучу тиркелген видеонун алдына Патрулдук милиция кызматкерлери менен болгон маселени 2 мүнөттө чечип алганын жана ошол күнү айдоочулук күбөлүгү жок болгонун жазган.
Бул боюнча Бишкек шаарынын Патрулдук милиция башкармалыгына кайрылганыбызда, басма сөз катчысы Таалай Бугубаев буларга токтолду: “Жол эрежесин бузуу фактысы качан болгону азырынча белгисиз. Бул боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Видеодо Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндө каршы тилкеге чыкканы даана көрүнгөн, бирок Патрулдук милициянын кызматкерлери токтоткон көчө жакшы көрүнбөй калган. Эгер Патрулдук милициянын кызматкерлери айдоочуга карата административдик протокол түзбөсө, анда аларга карата да чара көрүлөт”.