Кримавторитет Камчы Көлбаевдин үстүнөн сот иши башталды

Бүгүн, 18-апрелде кримавторитет Камчы Көлбаевдин үстүнөн сот иши башталды. Айыпталуучунун жактоочусу Сергей Манукян сот жыйынына массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн катыштырбоону суранды. Анын айтымында, ММК аркылуу айыпталуучунун жашаган дареги жана өзү тууралуу кенен маалымат элге тарап кетсе, анын жакындары, туугандары үчүн кооптуу жагдай жаралат. "Ошондой эле ММКлардын сот жыйынына катышуусу айыпталуучунун конституциялык укуктарынын бузулушуна шарт түзөт",-  деп билдирди жактоочу. Айта кетсек, сот иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда өтүп жатат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан