SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Конституциянын түп нускасы жоголду дейби?" деген тема кызуу талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Маалымат булактары Баш мыйзамды жоголду деп жатышат го. Конституция жоголсо, анда парламентте отурган депутаттарды эмне деп атасак болот?"
"Кыргызстанда дагы бир майрам пайда болду. 5-Май - Конституция күнү, 19-Октябрь - Конституция жоголгон күн".
"Уят эле, бир Конституцияны эптей албаса".
"Конституцияга өзгөртүү киргизебиз деп жаткан маалда жоголуп кеткени кызык болду. Канча күндөн бери атка минерлерибиз отурушат го, жоголду деген боюнча".
"Биздин Конституциябыз катардагы бир ийне эмес го, жоголуп кеткендей. Кайсы жерде катылып жатат болду экен, турган жеринен жоголуп калчудай".
"Баш мыйзамдын жоголгону тууралуу укканда менин күлкүм келди. Бирок дүйнө элине шылдың болгонубуз эң өкүнүчтүү!"
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.