Чамдагыла! SUPER.KG`нин видеосынагы аяктоо алдында турат

Быйыл SUPER.KG порталынын негизделгенине 10 жыл болот. Мындай кубанычтуу саамалыкка портал ар түрдүү акцияларды, сынактарды, оюн-зоокторду уюштуруп жаткан маал. Колунан телефон түшпөй же монитордун маңдайынан жылбай порталдын учу-кыйырына саякаттап жүргөн колдонуучуларыбыз үчүн видеосынак жарыяланганы эсиңиздедир? Мына ушул видеосынак аяктоо алдында турат. Тагыраак айтканда, сынакка видеокуттуктоолорду кабыл алуу ушул жылдын 16-ноябрында (!) токтотулат.

Сынактын шарттарын дагы бир ирет эсиңиздерге салып коюуну чечтик.

Сынактын шарттары:

1. Катышуучу порталдын 10 жылдыгынын урматына видеокуттуктоо жасашы керек (видеону ыр түрүндө, обону менен, жалгыз өзү же команда менен, ар түрдүү жайларда, ар түрдүү жанрда, айтор, фантазиясына жараша кызыктуу жана оригиналдуу кылып тартса болот).

2. Даяр болгон эмгегиңизди admin@super.kg электрондук дарегине же +996 557 75-63-42 WhatsApp номерине жөнөтөсүз.

3. Видеону жөнөтүп жатканда катышуучу аты-жөнүн толук жазып, телефон номерлерин сөзсүз көрсөтүшү керек.

Видеосынактын талаптары:

1. Видеонун узактыгы 3 мүнөттөн ашпаш керек;

2. Видеону колдон келишинче сапаттуу тартуу кажет;

3. Видеодогу куттуктоонун мазмунуна, маанисине жараша да баа берилгендиктен, уйкаштык, позитивдүү маанай, маани-маңызы дагы сакталышы шарт.

Байге фонду:

1-орунга ноутбук

2-орунга планшет

3-орунга смартфон

Жеңүүчүлөргө ыйгарылчу белектер 9-декабрда SUPER.KG порталынын 10 жылдыгына карата уюштурулган концерттик программада сахнадан тапшырылмакчы. Ошондой эле жеңүүчүлөргө SUPER.KG порталы уюштурган концерттик программага чакыруу билеттери да ыйгарылат.

Эскертүү! Сынакка катышып жаткан видеокуттуктоолордун үлгүсүн бул шилтемеден көрсөңүз болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан