Жылдыз Жолдошова парламенттин төрагасын алмаштырууну сунуштады

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 18-апрелдеги жыйынында депутат Жылдыз Жолдошова парламент төрагасын алмаштыруу сунушун киргизди. “Азыркы бийлик негизинен бир эле фракциянын мүчөлөрүнөн түзүлгөнү баарыбызга белгилүү. Мына, Азиз Батукаевди өлкөдөн чыгарып жиберип бүткүл дүйнөгө шылдың болдук. Эл Батукаевди бошоткон адамдардын жазаланышын күтүп жатат. Укук коргоо органдары кылмышкерлерди бошотуп эле жибербестен, бири-бирин аткылап жатышат, ошондуктан парламентке күч түзүмүндө иштеген, мамлекеттик кызматты аркалаган, оппозициялык көз карашты карманган, күчтүү спикер келиши керек”,- деди Жолдошова. Ошондой эле депутат “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаев абактан чыгарылган соң депутаттар Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев дагы бошотулушу керек экендигин кошумчалады. “Бийликтин адилетсиздигинен, мыйзамдын иштебегендигинен 2 төңкөрүш болгон, 3-көтөрүлүшкө жол бербейли”,- деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан