Бактыбек Калмаматов: "Конституцияны эмес, ниетти өзгөртүү керек"

5-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Калмаматов бийликтегилер Конституцияны эмес, ниетин өзгөртүүсү керектигин айтты. Экс-депутат бул тууралуу 24-октябрда социалдык тармактагы баракчасына жазып, президентке кайрылуу жасады.

"Баары ниеттен болот. Бардык кылмыштарга мыйзам менен жаза түрлөрү аныкталган. Ага карабастан адамдар кылмыш жасашат. Адам баласынын турмушун мыйзам эле оңдоп койсо кана. Тилекке каршы, андай эмес. Эң өкүнүчтүүсү - адам баласы өткөндөн сабак албаганында. Башыбыздан эки революцияны өткөрдүк. Себептерин да жакшы билебиз. Эң негизги себеби - бул жазасыздык. Эч ким жазаланган жок. Чыныгы жазага тартылчу адамдар сиз менен кошо башкаларды жазага тартышты. Сиз да Акаев менен Бакиевдин кошомат кылгандан башканы билбегендерине таянып алдыңыз. Алар сизге чейин да экөөнү оңкосунан сайганын элдин баары билишет", - дейт Калмаматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан