Аламүдүн райондук прокурорунун жардамчысына козголгон кылмыш иши сотко өттү

2013-жылдын 15-февралында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 10 000 сом өлчөмүндө пара алгандыгы үчүн Чүй облусунун Аламүдүн райондук прокурорунун жардамчысы кармалган. Иликтөө учурунда прокурордун жардамчысы Д.Досумбеков адам өлтүрүү боюнча катталган кылмыш ишин жабуу үчүн айыпталуучу тараптан акча талап кылгандыгы белгилүү болгон. Тергөө иштери аяктап, бул окуя боюнча материалдар сотко 12-апрелинде өткөрүлүп берилди. Досумбековдун ишин Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту карайт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан