Депутаттар 25-апрелди Улуттук музыка күнү деп жарыялоону сунуштоодо

25-апрелди Улуттук музыка күнү деп жарыялоону бүгүн, 18-апрелде ЖКнын жыйынында депутат Эгемберди Эрматов билдирди. Анын айтымында, бул элдин жан дүйнөсүн азыктандырат. “Мурун Жогорку Кеңеште тыныгуу учурунда комуз күүлөрүн коюп койчу элек. Азыр андай болбой калды. Улуттук музыкабызды сыйлайлы. Эл көп чогулган жайда дагы чопо чоор, сыбызгы, комуз сыяктуу музыкалык аспаптардын жагымдуу добушу жаңырып турса жакшы болмок”,- деди депутат. Анын мындай пикирин эл өкүлү Бөдөш Мамырова колдоорун айтып, улуттук музыкага көбүрөөк көңүл буруу керектигин баса белгиледи. Өз кезегинде төрага Асылбек Жээнбеков бул маселе боюнча токтом даярдалып жатканын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан