Ош шаарынын вице-мэри белгилүү ырчы Темир Назаров менен мушташты. Ушундай окуя болгонун 25-октябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан аймактык маалымат булактарынын бирине тастыкташты. Бирок вице-мэрлердин кимиси экени айтылган жок. Айтылгандарга таянсак, мушташ 24-октябрда шаардагы кафелердин биринде болгон. Жаңжал эмнеден келип чыкканы азырынча белгисиз.
Ал эми бул тууралуу ырчы Темир Назаровго байланышканыбызда: "Эч кандай жаңжал деле болгон жок, баары тынч. Окуя туурлуу эч кимге доом жок. Мушташышты деген чындыкка коошпогон нерсе. Мырза катары эле ич ара чечишип алдык", - деп билдирди.
Ош шаардык мэриясы SUPER.KG порталына маалыматты тастыктаган да, төгүнгө чыгарган да жок.
Темир Назаров "Туулган жер", "Энекем" жана башка ырлары менен таанымал. “Супер-Инфонун” тандоосу боюнча “2005-жылдын мыкты ырчы мырзасы” наамын алган.