Кытайда жемкорлукка шектелген 634 адам чет өлкөдөн кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жемкорлукка шектелген 634 адам 67 өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 2016-жылдын май айынан ушул күнгө чейин кармалган. Алардын ичинен 100 адамды Кытайдын өкмөтү катуу издөөгө алгандар. Дагы 205 адам 1,5 миллионго жакын АКШ долларын кымырып алган деген шек менен кармалган.
Маалыматка ылайык, өткөн 2015-жылы 857 адам жемкорлукка шектелип, качып жүргөн жеринен кармалып, Кытай өлкөсүнө алынып келинген.