Чаткал районундагы Чапчыма ашуусундагы жолдорду тазалоого 11 кубаттуу техника даяр турат. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Чаткал районунун акиминин орун басары Мурат Досматов билдирди.
"Акыркы эки күндөн бери Чаткал районунда кар жаап жатат. Кардын түшүшү анчалык калың эмес. Азыркы убакта Чаткал району менен Ала-Бука районун байланыштырган Чапчыма ашуусунун эки тарабында эки штаб түзүлүп, жолдогу абалды көзөмөлдөөгө даяр турушат. Быйыл кышында ашуу жабылбайт. Жаз алды менен кар эрип, көчкү түшүү коркунучу жаралса, 5-6 күнгө жол жабылышы мүмкүн", - деп билдирди Досматов.
Маалыматка ылайык, эки районду бириктирген ашуудагы жолдун узундугу 35-40 чакырымды түзөт. Ал эми Чапчыма ашуусунун бийиктиги 2841 метрге жетет. Талас облусу менен Чаткал өрөөнүн бириктирген Чаткал-Кара-Буура ашуусу 2016-жылдын 1-октябрынан 2017-жылдын май айынын аягына чейин жабылган.