Бүгүн, 18-апрелде ЖКнын жыйынында депутат Бөдөш Мамырова "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевди боштондукка чыгаруу боюнча бир гана акыйкатчы Турсунбек Акундан өтүнүч кат түшкөндүгүн айтып, акыйкатчынын ишмердүүлүгүн палатада кароо керектигин билдирди. “Коомчулук бизге кайрылып жатат. Экинчи мөөнөттө сиздер ишеним көрсөткөн акыйкатчынын кылгын иши ушулбу деп”, - деди Мамырова. Ошондой эле эл өкүлү түрмөлөрдө боюнда бар, балдары менен аялдар отургандыгын, бирок Турсунбек Акун бул маселеге көңүл бурбай жаткандыгын белгиледи.