SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Наристеге жашоо берип, бирок кайрадан аны өлтүрүү аракетин жасаган эне" деген тема кызуу талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Орусияда Кыргыз мамлекетинин жараны жаңы төрөлгөн кызын унитаздагы сууга чөктүрүүгө аракет кылганы тууралуу маалымат тарап жатат. Ушундай кабарларды окуганда, "Кандай эненин колу мындайга барат?!" деген суроо баарыбызда туулат болуш керек. Буларды эне эмес, мыкаачы дейт элем".
"Ушундай окуялар абдан көбөйүп кетти. Балдар жаман, балдардан өткөн кыздар жаман болуп калган мезгилге туш келдик окшойт".
"Кээ бир кыздардын акылынын жоктугунан болуп жатат. Бир нерсе кылыштын алдында ойлонбойбу? Баланы жарык дүйнөгө алып келүү кандай жоопкерчиликтүү милдет экенин көбү сезе бербейт. Боюна бүтүрөрдө "Туура кылып жатамбы же туура эмеспи?" деген суроону өзүнө берсе. Натыйжасы эмне болору тууралуу ой жоктугунан болуп жатат. Макул төрөдү, бага албасаң жок дегенде балдар үйүнө берип кой, ал балага зар болуп жүргөндөр бар. Ушундай адамдарга эч бир түшүнбөйм. Ар бир ата-эне балдарына туура тарбия берип, кичинесинен жашоонун ачуу чындыгын түшүндүрүшү керек".
"Бирөөгө кор, бирөөгө зар деген ушу да. Баарыбызга ыйман берсин".
"Канчалаган адамдар балага зар болуп жүрүшөт? Айбан дагы өз баласын коргойт го, кандай эне өз баласын өлтүрүүгө барат? Ал эмес, урушуп коюп кайра өзүң жаман болосуң..."
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.