Кемин районунда уурулукка шектелген жаран кармалды

Кемин районунда уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине аталган райондогу ишканалардын биринин өкүлү кайрылып, 24-октябрга караган түнү белгисиз адам ТПП маркасындагы 100 метр байланыш кабелин уурдап кеткенин билдирген. Бул боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 60 жаштагы С.А. кармалган. Учурда ал үй камагына чыгарылып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан