Ош шаарына жылуулук кечээ, 24-октябрда берилери жазылган. Тургундар жылуулук берилбегенин SUPER.KG порталына бүгүн, 25-октябрда билдиришти.
"Жылуулук кечээ эле берилмек, үйлөрүбүз муздак. Деги Араван, ХБК райондоруна, Масалиев көчөсүнө жылуулук берилет бекен?" - деген суроо салышты тургундар. Бул маселе боюнча Ош шаардык мэриясынын шаардык чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Урали Раманов жооп берди.
"24-октябрдан тарта жылуулук берилсин деген буйрук чыккан. Ош шаарын жылуулук менен эки ишкана камсыздайт: "Ош жылуулук электр борбору" жана "Жылуулук менен камсыздоо" муниципалдык ишканасы. "Жылуулук менен камсыздоо" ишканасында 77 откана бар. Алардын баары автономдук болгондуктан, аларга караган ар бир объект тез убакта жылуулук менен камсыздалат. Ал эми "Ош жылуулук электр борборунда" 3 чоң буу казаны мазут менен ысытылат. Үч от казандын жардамы менен шаарга кете турган суу бирдей ысытылат. Андагы суу толугу менен ысыгыча минимум 6 күн керектелет. Бүгүн оорукана, бала бакчаларга жылуулук жетип калды. Эми мекемелер менен көп кабаттуу үйлөргө эртеңки күнгө чейин барып калат", - дейт Раманов.
"24-октябрда жылуулук ар бир көп кабаттуу үйгө барып калыш үчүн эрте эле от казандарды жылытууга болбойт. От казандар буйрук чыккандан кийин гана ишке кириши керек. Бизди да көзөмөлдөгөн ишкана бар. 5-6 күн мурун жагып койгон болсок, эмненин негизинде жакканыбызды сурашат", - деп кошумчалады Урали Раманов.