Кыргызстандын бардык облусунан келген 30 имам 14-апрелде Түркияга 45 күндүк окууга кетишти. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бардык чыгымдарды Түркия тарап өзү төлөп берет. Алгачкы жолу уюштурулуп жаткан бул окууда имамдар диний билим алуудан тышкары Түркиянын тарыхы жана маданияты менен таанышмакчы.
Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин дин иштери боюнча өкүлү Орхан Генч мындай деди: “Мурда Кыргызстандан Түркияга имамдар окууга барбаптыр. Сиздер Текирдаг деген шаарда болосуздар. Бул сапар сиздерге кызыктуу жана пайдалуу болот деп ишенебиз”.