Орусиялык окумуштуу Георгий Воронов 1935-жылдын 18-октябрында Орусиянын Москва шаарында туулган. Анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары Орусиянын Пермь облусуна белгилүү окумуштуу болушкан. Апасы М.А.Генкель Пермдин белгилүү адабиятчысы болсо, атасы А.Г.Воронов - белгилүү биолог.
Георгий Анатольевич бала чагын Пермь облусунда өткөрүп, №32-Молотов орто мектебинде 7-класска чейин окуган. Мектептин жетекчилери анын биология тармагына болгон кызыгуусун ошол кезде эле байкашкан. Георгий Воронов зоология илимине да кызыгып, атасынын канаттуу куштардан жана жаныбарлардын сөлөкөттөрүнөн турган жеке көргөзмөсүн эл алдына алып чыгууга катышчу. 1955-жылы Москва мамлекеттик университетинин география факультетине тапшырып, 1960-жылы биогеография кафедрасын ийгиликтүү аяктаган.
Георгий Вороновдун өз сөзүндө мыкты мугалимдерден билим алганын баса белгилеген. Москва мамлекеттик жогорку окуу жайында илимий экспедицияда эмгектенип, жаңы ачылыштарды жасаган. Ал кийинчерээк А.Н.Формозов, А.П.Кузякин, А.Г.Воронов, Н.А.Гладков, А.М.Чельцов-Бебуто жана Н.Ф.Реймерстер сыяктуу география, биология, экология илими боюнча окумуштуулардын катарын толуктаган.
Георгий Воронов өмүр жолунда өзүн жөнөкөй эле адам экенин белгилеп, стандарттуу эмес ойлонорун, чечкиндүү кадамдарын, тез ойлонуу менен чечим кабыл аларын, ийгиликке жеткенде ал бийиктикте кармалып туруу сыяктуу сапаттарын адаттагыдай эле адамдык сапаттар катары кабылдаган.
1960-жылы Москва мамлекеттик университетин аяктап, алыскы Батыш Сибирдеги География институтунда эмгектенип, анын аспирантурасын 1961-жылы ошол эле жерде уланткан. 1965-жылы кандидаттык диссертациясын жактаган. Ушул жылдар аралыгында Батыш Сибирде көп илимий эмгектердин ачылыштарын жасап, Н.Ф.Реймерстин автордук демилгеси менен 1963-жылы "Жогорку Лена аймагындагы курт-кумурскалар менен тамактануучулар жана кемирүүчүлөр" деген илимий эмгегин жарыкка чыгарган.
1966-жылдын аягында Пермь облусуна кайтып, 1976-жылга чейин Пермь мамлекеттик илимий институтунун зоология жана биология-химиялык факультетинде доценттик даражасынын алдында окутуучу болуп иштеген. Бул жылдар аралыгында жаңы долбоорлордун үстүндө иштеп, студенттер жана Сибирь ПГПИ аспиранттары менен бирге экспедицияларды жүргүзүп, "Экология жана териология илимдеринин үстүндөгү изилдөөлөр" жана "Биогеография, аймак таануу" эмгектерин жарыкка чыгарган. Бул эмгектерин жергиликтүү билим берүү тармактарындагы окумуштуулар талкууга алып, Пермь облусунда гана каралбастан, Москва, Свердлов, Иркутск шаарларында да колдонулган.
1976-жылы Георгий Воронов Пермь мамлекеттик университетинин география факультетинде физикалык география кафедрасында эмгектенген. 1977-жылы ушул эле факультетте биогеоценология жана жаратылышты коргоо кафедрасын ачып, 2008-жылга чейин студенттерге үзгүлтүксүз билим берип келген. 2010-жылы "Пермь мамлекеттик университетинин эмгек сиңирген профессору" наамын алган.