АКШда эки баласы менен кошо көпүрөдөн секирген жаран каза болуп, балдары аман калышты

Америка Кошмо Штаттарында эки баласы менен кошо көпүрөдөн секирген 37 жаштагы жаран каза болуп, балдары тирүү калышты. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя Нью-Жерси штатында орун алган. Өз өмүрүн кыйгысы келген адам 3 жаштагы жана 1 жаштагы баласы менен кошо көпүрөдөн секирген. Кырсык болгон жерге келген жергиликтүү полиция жаш балдардын атасы каза болуп, наристелер тирүү калганын көргөн.

Маалым болгондой, бийиктиктен секирген балдар дарактын шактарына илинип, жерге акырын түшкөн. Дарыгерлер наристелердин анчалык коркунучтуу сокку албагандыгын жана алар толугу менен сакайып кетерин айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Arslan12
2016-10-26 12:24:01
Атанын гору, тируу калгандары жакшы болуптур!
+1
mirana9395
2016-10-26 12:33:25
Тоба балдарын да эмне куноо,байкуштар эсен аман айыгып кеткиле.
0
azim14
2016-10-26 13:32:11
адамзат эмне болуп жатат
0
Rifle_I
2016-10-26 14:23:00
Бейкүнөө наристелерди Кудай өзү сактап калыптыр да.
0
chon.alai.
2016-10-26 16:10:48
ХХХ дегенден башка айла жоок
0
admin_portal
2016-10-26 16:35:45
chon.alai., этика нормаларын сактаңыз!
0
AksyKoitash1985
2016-10-26 23:51:46
Бул америкостор жиндеп калышканго.Эмне себептен бул жолго барды экен.Алла сактадыда балдарын.
0
Totyua.71.
2016-10-27 04:40:18
Балдарынын аман калганына шугур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан