Канат Исаев: "Коалициялык көпчүлүктүн келишими өз күчүн жоготту"

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын коалициялык көпчүлүктөн чыкканына байланыштуу альянс өз ишин токтоткондуктан, коалициянын келишими күчүн жоготту. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда аталган коалициянын лидери Канат Исаев расмий түрдө жарыялады.

Айта кетсек, 24-октябрда КСДП фракциясы парламенттик коалициядан чыкканы белгилүү болгон. КСДПнын лидери коалицияда пикир келишпестиктер болгондон улам фракция мындай чечимге келгенин билдирген. Коалициялык көпчүлүккө КСДП, "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата Мекен" фракциялары кирген. Ал эми коалициялык азчылык "Республика-Ата Журт" менен "Бир болдон" турган. Альянска кирген КСДП менен "Кыргызстан" Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду колдошкон, "Ата Мекен" менен "Өнүгүү-Прогресс" бул демилгеге каршы чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан