Камакка алынган депутаттарга айлык төлөөнү токтотуу боюнча мыйзам долбоору 3-окууда каралды

Жогорку Кеңештин 26-октябрдагы жыйынында камакка алынган депутаттарга айлык төлөөнү токтотууга багытталган "Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам кабыл алынса, камакка алынган депутаттарга айлык төлөө токтотулат.

Эске салсак, буга чейин камакта же үй камагындагы депутаттар парламенттен айлык алып келишкен. Сунушталып жаткан мыйзам долбоору боюнча, эгер камакка алынган депутат соттон акталып чыкса, анда эмгек акысы толугу менен төлөнүп берилет. Эгер камактагы депутат мунапыска чыкса, айлыгы төлөнбөйт, анткени мунапыска чыгуу адамдын күнөөлүү эмес экенин билдирбей турганы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан