Өкмөт расмий түрдө отставкага кетти. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда журналисттерге Жогорку Кеңештеги КСДПнын лидери Иса Өмүркулов билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн курамында өзгөрүүлөр болот, ал эми Сооронбай Жээнбеков премьер-министр кызматында калмакчы. Өлкөнүн премьер-министри, биринчи вице-премьер-министри, вице-премьер-министрлери, өкмөт мүчөлөрү, административдик мекемелеринин жетекчилери азыркы ээлеген кызматында "милдетин аткаруучу" катары жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин ишин улантышат.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын 13-апрелинде Жогорку Кеңеш премьер-министрликке Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин жана өкмөттүн жаңы курамын бекиткен. Отставкага кеткен өкмөттүн курамы төмөнкүдөй:
- премьер-министрдин милдетин аткаруучу - Сооронбай Жээнбеков
- биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу - Мухаммедкалый Абылгазиев
- экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу - Олег Панкратов
- социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу - Гүлмира Кудайбердиева
- чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу - Жеңиш Разаков
- өкмөттүн аппаратынын башчысы - министрдин милдетин аткаруучу - Акылбек Осмоналиев
- тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу - Эрлан Абдылдаев
- билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу - Эльвира Сариева
- маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу - Түгөлбай Казаков
- транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу - Замирбек Айдаров
- ички иштер министринин милдетин аткаруучу - Кашкар Жунушалиев
- юстиция министринин милдетин аткаруучу - Жылдыз Мамбеталиева
- каржы министринин милдетин аткаруучу - Адылбек Касымалиев
- экономика министринин милдетин аткаруучу - Арзыбек Кожошев
- айыл чарба жана мелиорация министринин милдетин аткаруучу - Турдуназир Бекбоев
- өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу - Кубатбек Боронов
- саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу - Талантбек Батыралиев
- эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орду бош.