"2012-жылы өткөн жылдарга салыштырмалуу Кыргызстанда кылмыштуулук азайган". Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде башкы прокурор Аида Салянова ЖКнын жыйынында "2012-жылга КРнын башкы прокурорунун отчётун угуу" маселеси каралып жаткан учурда билдирди. Анын айтымында, 2011-жылга салыштырмалуу республика боюнча адам өлтүрүү жана өлтүрүүгө аракет кылуу 19 пайызга, зордуктоо фактысы 3,6 пайызга азайган. Ошондой эле Кыргызстан боюнча катталган кылмыштардын 39,6 пайызы Бишкек шаарында болгон.