Ала-Бука районундагы Сары-Талаа айылында каза болгон 76 жаштагы баптизм агымын карманган Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгү 3 ирет казылып алынган. Алгач маркумдун сөөгүн Сары-Талаа айылынын жашоочулары мусулмандар бейитине коюлушуна каршы болушкан. Андан соң христиандар көрүстөнүнө үчүнчү ирет жашыруун түрдө коюлган. Экөөндө тең казылып алынып, төртүнчү ирет кайрадан жашыруун коюлуп, маркумдун үй-бүлөсүнө да орду айтылган эмес.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев бул окуяда адам эркиндиги менен укуктары бузулганын билдиргенин анын басма сөз кызматы кабарлады.
"Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 32-беренеси боюнча, ар бир жаранга каалаган динин кармануу кепилденет. Ар бир жаран диний жана башка ишенимдерин өзү тандап, карманууга укуктуу. Эч ким өзүнүн диний көз карашын айтууга же андан баш тартууга мажбурланбайт. Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамына ылайык, көрүстөндөрдүн иштеши жана ритуалдык кызматтарды көрсөтүү маселелери жеригиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен каралат", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми маркумду бейитке коюу үчүн ал жактан орун бөлүп берүү жергиликтүү бийликтин укугуна кирет.
"Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн кайра казып алуу маркумду шылдыңдоого барабар жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодесинин 263-беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылат", - деп жазган басма сөз кызматы.
Кубат Оторбаев адамдын укугу бузулгандыгына байланыштуу Ала-Бука районундагы Сары-Талаа айылынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу боюнча Башкы прокуратурага кат жолдогону белгилүү болду.