17-апрелде Бишкек шаардык прокуратурасы УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрүн токмоктошкон Свердлов РИИБинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Алар "иликтөө иштерине тоскоолдук жаратуу", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "бийлик өкүлү катары зомбулук көрсөтүү" беренелери боюнча айыпталууда. Эскерте кетсек, 12-апрелде "пара алган" деген шек менен УКМКнын өкүлдөрү Свердлов РИИБинин кызматкерлеринин биринин иш бөлмөсүнө тинтүү жүргүзүп жаткан учурда, милиция кызматкерлери аларды токмоктоп салышкан. Улуттук госпиталдын берген аныктамасынын негизинде УКМКнын өкүлдөрүнө “баш сөөгүнүн жабык түрдөгү жаракаты” жана “мээнин чайкалышы” деген диагноздор коюлганы белгилүү болду. Учурда болуп өткөн окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.