Айымдар тарабынан жасалган кылмыштар көбөйгөнүн башкы прокурор Аида Салянова билдирди
2011-жылга салыштырмалуу 2012-жылы аялдар тарабынан жасалган кылмыш иштери 13,3 пайызга көбөйгөн. Мындай маалыматты бүгүн, 18-апрелде ЖКнын жыйынында башкы прокурор Аида Салянова билдирди. Айтымында, 2011-жылы 1818 кылмыш иши катталса, 2012-жылы 2043 кылмыш айымдар тарабынан жасалган. Ал эми жашы жете элек балдар тарабынан жасалган кылмыштар 7,9 пайызга азайгандыгы белгилүү болду.