Жогорку Кеңеш "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" конституциялык мыйзамды жактырды. 26-октябрдагы жыйында 89 депутат "макул" ,15 депутат "каршы" деп добуш берди. Мыйзам президенттин кол коюусуна жөнөтүлмөкчү.
Демилгечилер аталган мыйзамдын нормаларын Конституцияга, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө” мыйзамдарга шайкеш келтирүү зарылдыгын айтышты. Долбоор биринчи жана экинчи окуудан кызуу талаш-тартыштар менен өткөн.
Белгилей кетсек, бийлик 2016-жылдын 11-декабрында Конституцияны өзгөртүү үчүн референдум өткөрүүнү көздөп жатат. Бул мыйзам ошол конституциялык реформага керек. Ал эми көпчүлүк саясий эксперттер, бийликтин оппоненттери Конституцияны өзгөртүүгө катуу каршылык билдиришүүдө.