ЭЛДИК КАБАР: "Талас районундагы Токторбүбү Кушчубаева атындагы мектепте мугалим акча талап кылып жатат" дейт окурман

Талас районунун Көк-Ой айылындагы Токторбүбү Кушчубаева атындагы мектепте мугалим акча талап кылганын окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

"Токторбүбү Кушчубаева атындагы мектепте 2-сменде окуган окуучулардын классын жылуулоо максатында аталган мектептин мугалими Е.Г. ата-энелерди кыйнап акча чогултуп жатат. Мектеп мамлекеттики, биз акча чогултканга милдеттүүбүзбү?" - деп суроо салды окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
talant87
2016-10-28 13:32:25
так малымат болбогонго менимче элдик кабарга толуктоо учун сурот же видё жуктош кереко
-2
Tansuluu09
2016-10-28 13:41:49
Биз деле мектепте окуп жургондо, кышында акча чогултуп, обогреватель, занавеска алат элек. Кээде взнос деп акча топ-топ бор алатлек.

+5
Riokyrgyz
2016-10-28 13:52:39
Мейли ошончо чогултсун,бирок жыйынтыгын чыгарып койсо болот да .баштаган ишти аягына чыгарып.булар алат да болду.10 мин чогулса 7 минине мугалимдер бир отуруш кылышат,3 минине эптеп бир нерсе кылып коёт .бизде ушундай.элдик кабарга да чыгаргам.чыккан.бирок жыйынтык болгон эмес
+3
Sultanim
2016-10-28 16:07:47
Ишенич жок болсо эгер кээ бир мугалимдерге анда ата-эне комитеттери эле ысыткычтардын баасын билип,ошого жараша акча топтошсо да болот.
+1
bom.bon
2016-10-28 14:39:36
Мектеп Мамлекетке керек эмес.мектек окуучулардыкы.
-3
Revolyutsiya
2016-10-28 19:42:06
bom.bon, мамлекет мектептерде каржылоого милдеттуу, ошол эл токкон салыктын бир болугу ошол мектеп, бала-бакчаларды камсыздоо учун бюджеттен болунуп турат...
+1
ruslanz
2016-10-28 15:08:23
Ата-эн. оз эрктери м-н жылуулого ж.б жардам берсе болот, эч качан кыйнап эмес. Кыйноо учурун видеого, аудиого жаздырып алсаныз жакшы болмок.
+1
Nurkyz1977
2016-10-28 15:15:35
Кыйнап дегени кандай тушунсо болот толук маалымат жазбайбы? Кыйнагандай акча бербеген окуучуларды класска камап же жаман соз айтып же уйлоруно барып тынчын алып жатыптырбы? Азыр баардык мектепте ата энелер менен класс жетекчи мугалимдин суйлошуусу жалпы чогулуш болуп эгер чын эле акча чогултканга муктаждык болсо беребиз. Эми жону жок эле мугалимдерди жаман атты кылыштын эмне кереги бар,ал мугалим деле акчаны чонтогуно салып албаса керек.
+1
Revolyutsiya
2016-10-28 19:47:09
Nurkyz1977, мынчадан акча чогултасынар деп буйура суйлоп мойнуна илип койсо же окуучулардан айттырып жиберсе 300 же 500дон чогултасынар деп, бул кыйноо турундо болот. Ыктыярдуу болгондо ата-энелер чогулушунда бул тема ортого салынат. Калганын ата-энелер кенешип оздору чечишет. Ошондо да акчалуу болуп бакылдаган ата-эне менен колунда жок болуп, ошол жокчулукту айтуудан тартынган ата-энелер болот... Ким бироого 1000сом акча корунбосо, башкасы учун чон акча.

+3
Nurkyz1977
2016-10-28 15:24:00
Оз кесибин суйуп балдарыбызга билим уйроткон мугалимдерге рахмат кана айтышыбыз керек. Уйдо уч балага сабак окутканча чарчап калабыз алар 30-40балага чыдап канча мээнет кылып окутуп жатышат. Эч себепсиз эле акча талап кылышпайт,окмот мектепти карамак турсун оз ара ынтымака келе албай ыдырап жатышат. Класта балдар ушубосун деп кошумча электрический обогриватель алалы деп жаткандыр ошо силердин балдарынардын ден соолугун ойлоп суук болуп ооруп калышпасын деп. Баардык мугалимдерге иштерине ийгилик!
+2
vip.aidan96
2016-10-28 15:27:23
Оой биздин мектепте жок нерселергеда акча чогулта беришет мугалим туулсада, мугалимдин куйоосу туулсада акча чогултмай
+3
aut007
2016-10-28 16:33:35
Уят да? Туулса окуучулар туулду-дейсиздерби
0
Kroxa
2016-10-28 15:33:33
Окуучулар учун жакшы шарт болсо,чогултпайт эле го..балким чын эледир..эч кимди кыйнабайт оз эркин менен берсе болот биз 1200 дон жыл башында бердик..эми сурай элек
0
aut007
2016-10-28 16:31:38
Эх кыргыздар
0
barakcha
2016-10-28 16:42:20
Мамлекеттик мектептерди каржылоого бир кана мамлекет милдеттуу!Эч бир мугалимдин балдардан 1тыйын дагы чогултууга акылары жок!Бюджетте акча жок деп ар кандай оюн зоокторду бир канча миллиондорду коротуп откоргон,мектептерди жылуулаганга кантип акча жок?Мектеп,бала-бакчаларды мамлекеттин эсебинен жылуулап койсонор.Бул ишинерге дагы эч качан"Окунбойсунор"!
+2
Revolyutsiya
2016-10-28 19:50:38
barakcha, кечоо кочмондор оюнунун астында ооз коптуруп жатышкан, дуйно тааныйт деп, муйуз чыктыбы?! Акчалуу болуп жатышкан, кана ошол акчалар?!! Балдардын ырыскысын жеп, эми билмексен болушууда. ХХХ
+1
Nukeww
2016-10-28 18:28:40
биз деле чогултуп журобузго.. айнек скочттогонго,гул чакага,борго,керек болсо-класстык журналга ата-энебиздин акчасына чогултуп алабыз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан