Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өспүрүмдүн асынып алганы боюнча маселе бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев буга чейин парламентте суициддер боюнча өкмөт маалымат бергенин эске салды.
"Учурда коалиция ыдырап, жаңы альянс түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, бирок элди унутпашыбыз керек. Сузак районунда 10 миң сом өлчөмүндөгү уурулукту өспүрүмдүн моюнуна илип коюшуптур. Тергөө кандай жүргөнүн билбейм. Бирок суициддердин алдын алуу боюнча токтом чыгарганбыз. Өлкөбүздө эң негизги баалуулук - адамдын өмүрү. Жакында жаңы өкмөт түзүлөт. Ички иштер министрлиги бул багытта реформа жасашы керек. Тилекке каршы, милицияга элдин ишеними азайып баратат. Ишеним канчалык жогору болсо, жакшы жыйынтыктарга жеттик десек болот", - деди Төрөбаев.
Спикер Чыныбай Турсунбеков аны менен макул болуп, аталган маселе парламенттин көзөмөлүндө болушу керектигин баса белгиледи.
Эскерте кетсек, Сузак районунун Сымкат айылында 23-октябрь күнү саат 16:30 чамасында 2002-жылы туулган Шерзат Алимбеков өз үйүнүн короосунда асынып алган.