Президент Алмазбек Атамбаев манасчы Жусуп Мамайды 95 жылдык мааракеси менен куттуктады

Бүгүн, 18-апрелде президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын Синьцзянь автономиялуу облусунда жашаган манасчы Жусуп Мамайга 95 жылдык мааракеси менен куттуктоо жолдоду. 

Куттуктоонун мазумуну төмөндөгүдөй:

"Кадырлуу Жусуп ата!

95 жаш торколуу тоюңуз кут болсун! Сиздей касиеттүү карыябыз бар – биздин ырысыбыз бар.

“Манас” эпосу – бул кыргыз элинин куту жана эн белгиси. Элибиз үчүн  залкар манасчы – Жараткандын өкүлү. Сиз сыяктуу касиеттүү адам нечен кылымда бир жаралат. Сиз менен кыргыз эли, дүйнө жүзү сыймыктанат.

Сиз бапестеп сактап, айтып жүргөн эпосто кыргыз элибиздин тарыхы, маданияты, салт-санаасы камтылган. Сиздин айтууңузда Манас атабыздын Семетей, Сейтек, Кененим, Сейит, Асылбача, Бекбача, Чоңбилек, Чигитей деген 8 муундагы урпагынын жашоо жолу, мурасы дүйнөгө таанымал болду.

Сиз Токтогул, Келдибек, Балык, Чоюке, Сагымбай Орозбаков, Саякбай Каралаев өңдүү залкар манасчыларыбыздын катарын толуктап турасыз. Элибиздин кылымдардын элегинен өткөн ыйык мурасын сактап, муундан муунга өткөрүп берүүдө Сиздин эмгегиңиз зор.

Кадырлуу Жусуп ата!

Сизге чың ден соолук, узак өмүр каалайм! Жараткан сиздей ыйык өнөр ээсине дагы көп жылдык жашоо буйрусун! Төрүбүздү көрктөп, аман болуңуз! Ылайым айкөл Манас атабыздын арбагы сизди, эли-журтубузду ар дайым колдоп жүрсүн!"

Мамлекет башчы ошондой эле залкар манасчыны телефон аркылуу да куттуктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан