Орусиялык эксперт Кыргыз Республикасы мамлекеттүүлүгүн жоготуу коркунучунда турганын айтты

Кыргыз Республикасында жакында өкмөттүн алмашуусу менен өлкөнүн мамлекеттүүлүгү оор катастрофага кабылышы мүмкүн. Мындай пикирди орусиялык "Лента.ру" басылмасына берген интервьюсунда Эл аралык долбоорлор боюнча улуттук стратегия институтунун директору Юрий Солозобов билдирди.

"Бүгүн саясий лидерлер класстык журналды жоготуп жиберген шалаакы окуучунун деңгээлине түшүп кетишти. Болгону журналдын ордуна өлкөнүн Конституциясынын текстин мисал кылууга болот. Жакын арада Кыргыз өлкөсүн кадрдык баш аламандык жана өкмөттүн тез-тезден алмашуусу күтөт. Бардык тармакта архаизация күчөйт. Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгү катастрофага кептелиши мүмкүн", - дейт эксперт.

Солозобов Кыргыз мамлекети туш келген бүгүнкү кырдаал постсоветтик өлкөлөрдүн баарынын көйгөйү экенин белгилеп, Орусиянын чек арасында бир катар реалдуу мамлекеттүүлүгүнө ээ эмес жаңы өлкөлөр пайда болушу ыктымалдыгын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 24-октябрда парламенттеги коалициялык көпчүлүктөн КСДП фракциясы чыгып, артынан өкмөт отставкага кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан