Ысык-Көл облусунда 2017-жылга жазгы айыл чарба үрөндөрү камсыздалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жаз алды менен айыл чарба багыты боюнча үрөндөрдү камдоо аракетин көрүүдө. Ысык-Көл облусу жазгы кылкандуу дан эгиндерин себүүгө 18,3 миң тонна үрөн камдап, 93,8 пайыз даяр болду", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, эспарцет, жашылча жана беде үрөндөрү республика аймагынан ташылган. Ал эми сулу, картошка, май жана чанактуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү 100 пайыз камсыздалган.