Жогорку Кеңештин имаратынын алдында Ош шаарынан келген энелер митингин улантышууда. Балдарына бир топ жыл мурун дарыгерлердин шалаакылыгы менен ВИЧ илдети жугуп, тиешелүү жардамдар болбой жатканын айтышат нааразы болгон энелер. Алар 6-ноябрдан бери митингге чыгууда, бирок эки гана депутат чыгып, алардын ал-абалын сураган. Алардын талабы - балдарга берилүүчү жөлөк пулду көтөрүп берүү жана балдардын укугунун тебеленишине жол бербөө.