17-апрелде Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Көк-Жар айылынын 47 жаштагы А.Ж. аттуу тургуну баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Укук коргоо кызматкерлери аны тинтүүгө алганда, жанынан 400 грамм баңгизат табылган. Учурда бул факты боюнча Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат.