Жогорку Кеңеш коалиция түзүү процессине байланыштуу мыйзам долбоорлоруна добуш берүүнү кийинки аптага жылдырды. Добуш берүү бүгүн, 27-октябрда түштөн кийин болмок. Бирок спикер Чыныбай Турсунбеков коалиция боюнча фракциялар арасындагы сүйлөшүүлөр кенен жүрүш үчүн добуш берүү бир апта артка жылдырылганын маалымдады. Бүгүн коалициялык көпчүлүк түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрөт.
Эскерте кетсек, 24-октябрда парламенттеги коалициялык көпчүлүктөн КСДП фракциясы чыгып, артынан өкмөт отставкага кетти. Алдыда жаңы коалиция түзүү, андан кийин өкмөттүн жаңы түзүмүн жана курамын бекитүү милдети турат. Коалиция түзүү укугун президент Алмазбек Атамбаев кечээ КСДП фракциясына берген. Андыктан сүйлөшүүлөр КСДПнын лидери Иса Өмүркуловдун демилгеси астында жүрөт. Коалицияга кирүүгө Өмүрбек Бабанов башында турган "Республика-Ата Журт" фракциясында мүмкүнчүлүк көп.