Иса Өмүркулов: "Коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөр башталды"

Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктү түзүү боюнча сүйлөшүүлөр башталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына коалицияны түзүүгө мандат алган КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди.

Анын айтымында, мыйзам боюнча, берилген 15 иш күндүн ичинде кайсы фракциялар коалицияга кирери чечилип, премьер-министрликке талапкер сунушталмакчы. "Биз бул мөөнөттүн ичинде коалицияны түзөбүз деген ишеничтебиз. Өкмөттүн курамы коалицияга кирчү фракциялардан көз каранды. Өкмөттө өзгөрүүлөр сөзсүз болот. Начар иштеген министрлер сөзсүз кетет", - деди Өмүркулов.

Мындан тышкары КСДПнын лидери жаңы коалицияны түзүүдө түндүк-түштүк балансы канчалык сакталары тууралуу өз ою менен бөлүштү: "Ар бир фракциянын ичинде өлкөнүн төрт бурчунан келген депутаттар бар. Партиялар талапкерлердин жынысына, жаш курагына, улутуна карап түзүлгөн. Эч кимдин аброюна шек келтирбешибиз керек".

Ошондой эле ал жаңы коалиция фракциялардын саясий программаларын эске алуу менен түзүлөрүн баса белгиледи. "Кыш мезгили келип калды. Кышка даярдык, кыштан өтүү, эмки жылдын бюджетин бекитүү маселелерин чечиш керек. Ошондуктан көпкө создуктурбай өкмөттү тезирээк түзүшүбүз керек", - деди Өмүркулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан