Бүгүн, 27-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Жогорку Кеңеште башкаруучу коалицияны түзүү боюнча расмий сүйлөшүүлөр башталды. Мындан улам учурда "Коалицияга кайсы фракциялар кирет?" деген суроо кызуу талкууда. Көпчүлүк саясат талдоочулар жана депутаттар жаңы альянс КСДП (38 мандат), "Республика-Ата Журт" (28 мандат) жана "Кыргызстан" (18 мандат) фракцияларынын биригүүсүнөн турарын божомолдошууда. Бирок Бабанов коалиция тарагандан кийин бийликке ачык эле ультиматум коюп, өзүнүн сунушу кабыл алынса гана коалицияга кирүүнү ойлоно турганын айтты. Андыктан жогорудагыдай божомол 100 пайыз туура чыгарына ишенүүгө азырынча эрте. Жакынкы тарых көрсөткөндөй, КСДП өздөрүнө Бабановдун тең ата өнөктөш болуусуна макул болбойт. Сөзсүз жаңы альянс түзүүнүн башка жолдорун издейт. "Ата Мекен" менен кайра колтукташышы мүмкүн эмес. Ошондуктан президент Алмазбек Атамбаев жана анын командасы бүгүн "Өнүгүү-Прогресс" менен "Бир болду" "бакиевчилер" деп жамандап, аларды эл душманына теңеп жатканы менен, эртең бул эки фракцияны коалицияга кошууга катуу аракет кылат. Себеби жөнөкөй эле: бийлик президенттик шайлоонун алдында "Түндүк" коалициясы бийликке келди деген сындардын алдын алышы керек. Экинчи себеби - Бабановдун саясий салмагы. Коалиция түзүүдө КСДП күчтүү электоратка ээ, жаш, акчалуу, тажрыйбалуу жана эң негизгиси өз алдынчалуу Бабановго көз каранды болуудан коркот. Ошентип, Атамбаев өз сөзүндө "бакиевчил" деп эл душманы көрсөткүсү келгенине карабастан, курамында Чолпон Жакупова, Мыктыбек Абдылдаев сыяктуу принципиалдуу саясатчылары бар "Бир бол" фракциясын коалицияга азгырып аларын күтүүгө болот...