Эльвира Сариева отставкага кетүүгө үй-бүлөлүк шарты себеп болгонун айтты

Мурунку билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева кызматтан кетүү себебин түшүндүрдү. Экс-министр 27-октябрда социалдык тармактагы баракчасына жазган билдирүүгө таянсак, отставкага кетүүсүнө үй-бүлөлүк шарты түрткү болуптур.

Сариева ишеним көрсөткөнү жана колдогону үчүн өлкө жетекчилигине, кесиптештерине, партиялаштарына ыраазычылык билдирип, жасаган иштерин атады. Алардын бири - быйыл алгачкы жолу балдардын 98 пайызы 1-класска даярдыктан өтүп барганы. Ал эми тармактагы айрым көйгөйлөр акчанын жетишсиздигинен улам чечилбей калганын белгилейт. Сариева парламенттин кийинки депутаттары керектүү мыйзамдарды кабыл алат жана өкмөттү популисттик талаптарды аткарууга мажбурлабай иштетет деген пикирде.

Эскерте кетсек, Эльвира Сариеванын отставкасын кабыл алуу жарлыгына бүгүн президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан