ЖЫЛНААМА, 28-ОКТЯБРЬ: Белгилүү казак ырчысы Роза Рымбаева 59 жашка толду

Бүгүн, 28-октябрда казак ырчысы, убагында Советтер Союзундагы өлкөлөргө белгилүү болгон Роза Рымбаева 59 жашка толду. Ал Казакстандын Семипалатинск облусуна караштуу Жангизтөбе станциясында төрөлгөн. Роза интернаттан билим алган. Аны аяктаган соң Алматы шаарын көздөй сапар тартып, 1975-жылы 18 жашында музыкалык окуу жайга тапшырып, студенттердин катарына кошулган. Ушул эле жылы алгачкы жолу Улуу Ата Мекендик согуштун 30 жылдык мааракесине арналган ырлар сынагына катышып, көрүү­чүлөрдүн сүй­мөн­чүлү­гүнө ээ болгон. Андан көп өтпөй эң популярдуу деп саналган республикалык "Гүлдер" эстрадалык ансамблинин башкы дирижёру Таскын Окапов Розага өзүнүн тобунда ырдоону сунуштап, Роза бул топтун катарын толуктап, бир аз убакыттан соң Таскын Окаповго турмушка чыккан. "Алия" аттуу ыры менен бүткүл союздук өлкөлөрдө популярдуу болууга жетишкен.

Ырчынын жаш кези

Жаш экенине карабай Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты жана "Өмүр бою ыр менен", "Алтын Орфей", "Сопот" сынактарынын жеңүүчүсү, андан тышкары "Казак ССРинин Эмгек сиңирген артисти" деген наамдын ээси болгон. Кийинчерээк Парасат ордени менен сыйланып, "Казак ССРинин Эл артисти" наамына жана "Сахна жылдызы" сыйлыгына арзыган.

Жаш кездеги атактуулугу, ага кантип жеткендиги тууралуу чет элдик басылмаларга буларды билдирген:

"Ошол кезде белгилүү болуу үчүн бүткүл союздук сынактарда жеңип чыгуу зарыл эле. Мен бардык жерде эң кичинекей, жаш жана тажрыйбасыз болуп калар элем. Бирок мага менин кандай көрүнүшүм маанилүү эмес эле, жөн эле ырдай берчүмүн. Бул нерсе мен үчүн эң маанилүү болчу".

Ырчы 33 жашында тун уулу Али Окаповду жарык дүйнөгө алып келген.
"43 жашымда Кудай мага экинчи уулум Мадини жиберди. Чынында, ал кезде менде эмне болуп жатканын түшүнгөн эмесмин, алгач климакс го, экинчи балалуу боло албайт турбаймынбы деп ойлогом. Андыктан дарыгерлер кош бойлуу экенимди айтканда кубануу менен кабыл алгам. Бирок дарыгерлер баланы сактап кала албайсың дешкен. Экинчи уулдуу болууну абдан самаган элем, балам үчүн күрөшүп, ооруканада жатып, бир топ дарылануудан өткөм", - деп эскерет ырчы.

Ырчы ошондой бактылуу күндөрүнүн биринде жашоодогу эң кайгылуу окуя болуп, күйөөсүнөн ажыраган.

"Жолдошум уктап жатып бул дүйнө менен коштошкон. Эртең менен саат 7де Алини мектепке алып барыш үчүн аны ойготушум керек эле. Бирок мен анын катып калган жүзүн көрдүм. Ошондогу шок болгонумду, коркунучтан кыйкырганымды бүт коңшуларым угуп, чуркап келишкен. Ошол абалымды сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес эле. Күйөөмдүн өлгөнүн же өзүмдү ойлошумду, тун уулумду ойготуп, ыйлашым керек экенин билбей калгам. Эстен танып, өзүмдү жоготуп калуудан ичимде кыймылдап жаткан наристе сактап калган. Мен ал үчүн жашашым керек эле".

Жолдошунун көзү өткөндөн 2 жылдан кийин ырчы ата-энеси каза болуп калган Алия менен Маншук аттуу күйөөсүнүн эки жээнин өз карамагына алган. Ошондон кийин Рымбаева 4 баласын өзүмдүкү жана башка бирөөнүкү деп бөлүп карабаганы, биографиясында 2 уулдун эле эмес, 4 баланын энеси деп жазылышын талап кылары айтылат.

Роза Рымбаева белгилүү ырчы уулу Али Окапов тууралуу буларды билдирген:

"Ооба, ал казактын Жастин Тимберлейки. Албетте, мен аны колдоп жатканым тууралуу көптөгөн сын-пикирлер, сөздөр айтылат. Бирок ал өзү музыка жазып, клип тарттырып, өзү аранжировкасын жасайт. Менин кеп-кеңешиме муктаж да эмес. Кээде андан "экөөбүз чогуу ыр жаздыралы" деп сурасам, "апа, менде азыр андай ыр жок" деген жооп узатат. Ал "аны апасы чыгарып жатат" деген сөздөрдөн коркот".

28-октябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан