Султан Раев: "Маданият тармагын өнүктүрүү үчүн өлкө бюджетинин 3 пайызын түзгөн каражат бөлүнүшү керек"

"Маданият жана туризмдин өнүгүүсү үчүн каражат жетишсиз". Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары учурунда билдирди. Министрдин айтымында, туризм жана маданият тармагын өнүктүрүү үчүн өлкөнүн жалпы бюджетинин 3 пайызын түзгөн каражат бөлүнүүсү зарыл. Бирок бул жылы мамлекеттик бюджеттен 1 миллиард 200 миллион сом же 1 пайызга жетпеген каражат бөлүнгөн. “2013-жылы бекитилген план менен биздин министрликке 1 миллиард 200 миллион сомдой акча бөлүнгөн. Анын 85 пайызы маданий мекемелерди каржылоого кетет. Мындан башка бөлүктөрдү өнүктүрүүгө каражат калбай калып жатат”,- деди Раев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан