Кыргыз өкмөтү интернетти Орусиядан Кытай аркылуу алып келүү боюнча орус тарап менен Москвада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү Москвада интернетти Орусиядан Кытай аркылуу өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысынын орун басары билдирди.

Анын айтымында, учурда тарифтер маселеси чечиле элек. "Интернет менен жарандарыбызды камсыздоодо Казакстандан көз каранды болбоо үчүн альтернативдүү жолдорду издеп жатабыз. Кытай аркылуу интернет өткөрүү үчүн канча каражат, канча мөөнөт керектиги боюнча азырынча жооп бере албайм. Кыргыз делегациясы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп бүткөн соң гана бул маалымат белгилүү болот", - деди ал.

Депутат Каныбек Иманалиев "өкмөттүн шалаакылыгынан улам өлкөдө интернет кымбаттап жатат" деген оюн айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Mongol1155
2016-10-28 10:59:51
Мурунтан ушундай кылыш керек болчу.
+1
Nur9397
2016-10-28 15:19:28
Тоок тубарда какылыктайт!!! Интернет кымбаттайт деп 2-3 ай мурун эле айтылган эле. Ошондо эле ойлонушса болмок!!!
0
BarsBaatyr
2016-10-28 18:04:36
Казактарга коз карандысыз болуп Кытайларга коз карандуу болот экенбиз да.Накта шермендечилик бул нерсе.Казактарга тили отпогондордун тили Кытайларга отмок беле?
0
PatriotKG01
2016-10-29 16:59:59
Ошондо азыр Кыргызстанда интернет жокпу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан