Алмазбек Атамбаев бизнес баштаганда 110 пайыздык үстөгү менен насыя алганын айтты

Президент Алмазбек Атамбаев 28-октябрда студенттерге президенттик стипендия тапшырууда өзүнүн башынан өткөргөн кыйынчылыктарды айтып берди. Атамбаев 1989-жылы жеке фирмасын ачканда 110 пайыздык үстөгү менен насыя алганын, бүгүн андай кыйынчылык жок экенин айтат. Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду 5 пайыздык үстөгү менен насыя берип баштаганын, эгерде өлкөдө керектүү мыйзамдар иштей баштаса, сыртка чыгып кетишкен кыргыздын байлары кайтып келишерин белгиледи. "Алар өлкөгө инвестиция салууга даяр, болгону мыйзамдарды кабыл алуу керек", - дейт Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан